Бүгүн, 17-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Бишкек шаарында 2022-жылдын 3-ноябрында кол коюлган Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” жана “2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кемпирабад (Анжиан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө министрлер кабинети менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдардын долбоору талкууланууда.

Депутат Надира Нарматова бул келишим тарыхый чечим экенин бул чеимди колдоо менен мамлекеттин бүтүндүгүнө шарт түзгөн болобуз деген оюн билдирди.