Коом

Видео. Түлөбаев: «Бул протокол — эртеңки күнү өзбектер биз тарапты көздөй кирип келбеши үчүн жакшы кепилдик берет»

Бүгүн, 17-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстан жана Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” жана “2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кемпирабад (Анжиан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө министрлер кабинети менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдардын долбоору талкууланууда.

Депутат Балбак Түлөбаев: «Бүгүнкү күнү Жалал- Абад, Ош, Баткен үчүн коопсуздук маселесин чечүүчү аябай маанилүү чечимдин алдында турабыз. Элдер сурап жатышат, «эртеңки күнү Кемпир- Абадтын айланасын зымдар, ар кандай чек ара тосмолору менен тороп алышпайбы»- деп, ал эми суу ресурстары боюнча мыйзамынын 11-статьясында жазылгандай, эч бир өзбек- кыргыз чек арасы денонсацияланбайт. Демек, бул протокол — эртеңки күнү өзбектер биз тарапты көздөй кирип келбеши үчүн жакшы кепилдик берет деп ойлойм. Ошондуктан, менин жеке оюм, элдин суранычы менен Өкмөт сунуштаган азыркы ратификацияны колдоп берүүмдү суранышты. Кудай буйруса, өзбек-кыргыз чек арасын чечип алгандан кийин, тажик-кыргыз чек аралары  дагы чечилет деп ишенем», — дейт эл өкүлү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button