Сузакта аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө акысыз көмүр таратылууда. Бул тууралуу Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузак районунун Сузак айыл өкмөтүндө жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынган 150 тонна көмүр аз камсыз болгон 300 үй-бүлөлгө кыш мезгилиндеги жардам катары берилүүдө. Учурда 77 тонна көмүр келип түштү.

Белгилей кетсек, мындай саамалык райондун башка айыл өкмөттөрүндө да уланат.