Коом

ВИДЕО. “На границе/Дар сархад”: Төрт-Көчө бизге таандык, 2009-жылы Адахан Мадумаров протоколго кол койгон

Тажиктердин “На границе/Дар сархад” деген телеграм каналы бар, анда чек араны талкуулап жатышат. Акыркы убактагы чыр чатактар тууралуу маалыматтар ушул канал аркылуу тарайт.

Анда талаш аймактар боюнча тажик жана орус тилинде 8 минутка жакын видео даярдап таратышууда.

“Кыргыздарга ишенбеш керек, Төрт-Көчө бизге таандык, 2009-жылы Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров кол койгон протоколду, азыркы президенти Садыр Жапаров мыйзамдуулугун тааныбайбыз деп жатат. Эми Төрт-Көчө нейтралдуу аймак болсун дешүүдө, бирок аларга кантип ишенебиз” — деп айтылат видео материалда. Аны менен катар Төрт-Көчө үчүн дайым жаңжал, куралдуу кагылыш болгонун белгилешкен.

Ооба, так ушул Мадумаровдун кол койгон протоколуна таянып тажиктер жер тилкесин талашып келет. Акыркы эле 1,5 жыл ичинде эки жолу куралдуу кагылышуу болуп, жүздөгөн жарандарыбыз каза болду.

Адахан Мадумаровдун кесепетинен бүгүн согушуп, оор жоготууларга туш болуудабыз. Ага карабай бүгүнкү күндө Кыргызстан мамлекети ар бир карыш жер үчүн катуу туруп, өз позициясын талашууда.

Тажиктер Мадумаровдун колуна таянып, алар дагы позициясын бербей жатышат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button