Индонезиянын Ява аралында болгон жер титирөөдө 46га жакын адам каза болуп, 700дөй киши жаракат алды. Бул тууралуу Чианжур шаарынын администрациясынын башчысы Герман Сухерман билдирди.

«Акыркы маалыматтар боюнча 46 адам каза болду. Жабыркагандар көп аймактардан келди. 700дөй киши жараат алды», — деди ал Kompas TV телеканалына.

Жабыркагандардын көбүнүн сыныктары болгон.

AP агенттигинин маалыматына ылайык, Чианжур шаары күчү 5,6 баллга жеткен жер титирөөнүн очогу болуп калды.

Индонезиянын табигый кырсыктарды башкаруу боюнча улуттук агенттигинин башчысы ондогон имараттар, анын ичинде ислам интернаты жана оорукана жабыркаганын билдирди. Каза болгондор жана жабыркагандар тууралуу маалымат такталууда, деп билдирет мекеме.

Жер титирөө Индонезиянын борбору Жакартада да сезилди.