Кечээ, 22-ноябрда Баткен облусунда жол кырсыгынан 8 адам каза болуп, бирөө ооруканага түштү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы саат 19:30дар чамасында Кадамжай районунда Ош – Раззаков жолунда катталган. Анда «Мерседец-Спринтер» унаасы менен «Опел вектра» унаасы кагылышып, натыйжада 8 адам каза болуп, дагы бирөө Баткен обуластык бириккен ооруканасына түшкөн.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.