Жогорку Кеңештин депутаты Фархат Исмаилов «Алдаба» Ютуб каналына маек берип жатып, парламентте УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев үчүн депутат Өмүрбек Бакиров менен мушташа кете жаздаганы боюнча комментарий берди.

«Кемпир-Абад маселеси — тарыхый маселе. Оор маселе чечилип жатканда, Өмүрбек Бакиров чыгып, президентти көзгө илбей 1 эле суроону 5 жолу бергенде «болду эми» дегенимде чыгып кетти. Мени ал «кошомат кылгандар» деп айтыптыр. Кошоматчылык андай болбойт. Шариятта да «президентти сыйлаш керек» деп айтылат. Бул жерде «кошоматчы, пахтакор» дегендер көп болуп кетти. Мен бийликтин жасаган саясатын колдойм», — деди ал.