Коом

Шарапаткан Мажитова: “Баткен облусуна аскердик госпиталь уюштуруу зарыл”

Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова түштүк облустарда иш сапарында болуп, бул тууралуу парламенттин жыйынында сөз  сүйлөдү.

Анын айтымында,  Баткен облусундагы согуштук агрессия мезгилинде жарадар болгон, жабыркаган жарандарды операция кылуу, диагностикалык текшерүүдөн өткөрүүдө шарт жок .

“Өзүңүздөр билгендей Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдында аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча Кеңештин алкагында Кыргызстандын түштүк аймагындагы Ош, Баткен, Жалал- Абад облустарында иш сапарында болуп келдим.

Урматтуу Алмаз Ахунжанович төмөндөгү маселелерди чечүү керек:

Баткен облусундагы согуштук агрессия мезгилинде жарадар болгон, жабыркаган жарандарды операция кылуу, диагностикалык текшерүүдөн өткөрүүдө шарт жок, Ошко чейин 6 сааттык жол кыйынчылык жаратты. Алыскы облуска, чек арада жайгашканын эске алып аскердик госпиталь уюштуруу зарыл. Айдаркен шаарында жайгашкан шаардык оорукананын мурунку 3 кабат, типовой имараты учурда пайдаланылбай турганын депутат  Рысбек Атажанов экөөбүз көрүп келдик.  Эгерде жаңы имарат  салбай, реконструкция кылса 3 эсе арзан түшөт жана бир чоң областтын стратегиялык маанилүү маселеси чечилмек. Ичине диагностикалык борбору, хирургиялык бөлүмү менен ачылса тынчтык мезгилде элди дарылап, конфликттик кырдаалда аскерлерди, жарандарды мобилдүү дарылоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Тез арада сметасын эсептеп, кийинки жылдын бюджетине киргизилсин”, — дейт эл өкүлү.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button