Бишкекте 24-ноябрдан тарта тесттик режимде мектеп автобустары жүрө баштады. Бул тууралуу  долбоордун менеджери Аязбек Мадалов билдирди.

Анын айтымында, биринчи этапта Өзбекстандын ISUZU үлгүсүндөгү эки автобус тартылып, эки каттам аныкталган.

“Азырынча биз төрт негизги мектепти жана биз өтө турган жолдо жайгашкан бир нече мектепти камтып жатабыз. Жол кирени жакында Instagram баракчабызга жарыялайбыз”, – деди Мадалов.

Бекитилген маршрутка ылайык автобустар №13, 70, 69 жана 29 мектептерди камтыйт. Каттамдардын жүгүртмөсү ата-энелердин өтүнүчү боюнча жаңыртылууда. Алардын айрымдары маалымат менен бөлүшүп, анда жол кире 25 сом экенин жана жол кире карталарын сатып алууга кызыкдар экендигин билдиришкен.

Долбоордун менеджери белгилегендей, бардык маселелер боюнча маалыматтар Instagram баракчасында үзгүлтүксүз жаңыланып турат.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, толук маалымат алуу үчүн Токтоналиев көчөсү, 103 дарегиндеги “Шаттл Скул Бас” ЖЧКсынын кеңсесине кайрылууга болот.

Эскерте кетсек, долбоор пилоттук режимде мэрия менен жеке компания тарабынан биргеликте ишке ашырылууда.