Коом

Белестүү жолдун баяны

 И.Арабаев атындагы КМУнун Биология жана химия факультетинин курамындагы Жалпы биология жана аны окутуунун технологиялары кафедрасы Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептерине биолог мугалимдерин даярдоодогу эң алгачкы кафедра.

1952-жылы В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институту түзүлгөндө химия жана биология кафедрасы биринчилерден болуп уюшулган. Ошол учурда кафедрага 4 жылдык окуу мѳѳнѳтү менен 25 студент кабыл алынган жана кафедраны биология илимдеринин кандидаты, доцент Г.П.Земляная жетектеген. 1956-жылы 18 бүтүрүүчү «биология жана химия мугалими» адистигин алгачкылардан болуп  алышкан. 1957-1958-окуу жылынан баштап студенттерди кабыл алуу 50 студентке чейин жеткен, ал эми окуу мѳѳнѳтү 5 жылдык болуп бекитилген.

Республикадагы мугалимдерге болгон талаптын ѳсүшүнѳ жана студенттердин санынын кѳбѳйүшүнѳ байланыштуу 1968-1969-окуу жылында табигый-илимий факультеттин базасында биология факультети түзүлөт. Факультетти кесипкөй физиолог, биология илимдеринин кандидаты, доцент М.У.Мамбетов жетектеген.

1975-1984-жылдары Москвадагы Д.И.Менделеев атындагы химия-технология институтунун бүтүрүүчүсү, химия илимдеринин кандидаты, доцент Т.Р.Рыскулов жетектеген.

1984-1995-жылдары химия жана биология факультетинин декандык кызматында Кыргыз мамлекеттик университетинин биология адистигинин бүтүрүүчүсү б.и.к, доцент С.Ш.Шамбетов үзүрлүү эмгектенген.

1995-1998-жылдары факультетти химия илимдеринин кандидаты, доцент Ж.А.Асаналиев жетектеген. Ошол учурда химия кошумча «экология» адистигин даярдоо башталган.

1998-2004-жылдары факультетти Ленинграддагы мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүсү, биология илимдеринин кандидаты, университеттин профессору Ч.С.Давлетова жетектеген. 2002-жылга чейин университеттеги ѳз алдынча факультет, 2002-2003-окуу жылдары Экология жана жаратылышты пайдалануу институтунун курамында болуп, факультетти Москвадагы Сеченов атындагы медициналык институттун бүтүрүүчүсү, биология илимдеринин доктору, профессор Г.Т.Курманбекова жетектеген.

2005-2006-окуу жылынан баштап кайрадан университеттин курамындагы өз алдынча  факультет  катары бөлүнүп чыгып, ушул мезгилге чейин факультетти Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнѳ эмгек сиңирген  кызматкер, педагогика илимдеринин доктору, профессор Чоров Маматкан Жетимишевич жетектейт.

Жогоруда аталган окумуштуулардын жетекчилиги астында Биология жана химия факультетинде кесипкөй жана атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди сапаттуу даярдоодо,  мындан тышкары студенттердин, магистранттардын жана аспиранттардын илимий иштерин жакшыртуу максатында материалдык–техникалык базаны чыңдоого өзгөчө көңүл бурулган.

Факультеттин Жалпы биология жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын өнүгүшү факультет негизделген мезгилден баштап үзөңгүлөш иш алып барууда. Кафедраны б.и.к., доцент Г.П.Земляная, б.и.к., доцент Г.С.Умрихина, б.и.к., профессор М.М.Ботбаева, б.и.к., проф. Ч.С.Давлетова, б.и.д., профессор Г.Т.Курманбековалар жетектеп, үзүрлүү эмгектенишкен.     2019-2020-окуу жылынан баштап Жалпы биология жана аны окутуунун технологиялары кафедрасын жаш окумуштуу жана педагог,  б.и.к., проф.м.а. Г.А.Шаршеналиева жетектеп иш алып барууда.

Факультет көп кырдуу багыттар боюнча иштерди алып барууда, аларга кеңири токтолсок:

  • Профессордук-окутуучулар курамынын сапаттык көрсөткүчү — 78,5%, алардын ичинен 2 илимдин доктору, 8 илимдин кандидаттары, мындан тышкары 4 биологиянын магистрлери иштешет.

Кафедрада 2-3-4-курстун студенттери үчүн педагогикалык практиканын түрлөрү п.и.к., доц.м.а. М.Т.Кырбашованын, ага окутуучулар Ж.А.Андакулова, Н.О.Казаковалардын жетекчилиги астында өткөрүлөт.

4-курстун студенттери менен сабакты талдоо учурунан бир элес  Педагогика илимдеринин кандидаты, доцент М.Т.Кырбашова

    • Окуу-методикалык иштер боюнча акыркы жылдары кафедра тарабынан жалпы 38 окуу китептери жана окуу-методикалык куралдары кыргыз тилинде басмадан чыгып, окуу процессинде колдонулууда.
    • Илимий-методикалык иштер боюнча 2 багытта иш алып барат: «Биологиялык объекттерге курчап турган чөйрөнүн жагымсыз шарттарынын  тийгизген таасири»,  «Биологиялык дисциплиналарды окутуунун формаларын жана мазмунун өнүктүрүү».
    • Кафедрада материалдык-техникалык база чыңдалып, окутуунун заманбап каражаттары менен толукталган. Милдрей – 88В биохимиялык анализатору менен 220 биохимиялык талдоо жүргүзүүгө болот. Ал эми 1000-2000 эсе чоңойтуп көрсөтүү мүмкүнчүлүгү бар Альтами-7 микроскобу менен цитогенетика, цитология, гистология, микробиология, вирусология сабактары өтүлүп, илимий иштерди аткарууда колдонулууда.
    • Кесипке багыт берүү багытында жана академиялык мобилдүүлүк боюнча дагы профессордук-окутуучулар курамы алгылыктуу иштерди алып барууда.
    • Мектеп мугалимдерине жана окуучуларына адисттик боюнча методикалык жардам берүү: Бишкек шаарынын педагогикалык практика өткөн мектептеринин окуучуларына жана мугалимдерине үзгүлтүксүз жардам берилип турат.

Тарбиялык иштер боюнча ага окутуучулар Н.О.Казакова, Н.Д.Ниязова  жана А.К.Боогачиевалар тарабынан  жыл сайын даталуу күндөргө арналган кураторлук сааттар, тегерек столдор, мындан тышкары биологдор күнү өткөрүлөт.

Ошентип, Жалпы биология жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын жамааты Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү орто мектептери үчүн болочок биолог агартуучуларды даярдоодо зор салымын кошуп келет.

Автор: К.Ш.АБДЫКЕРИМОВА И.Арабаев атындагы КМУнун Жалпы биология жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын доценти, химия илимдеринин кандидаты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button