Жети миллион калкы бар мамлекетибиздин биримдигин чыңдоого бардык күчүбүздү жумшайбыз. Келечекте биз туулган жерибиздин ар бир метри үчүн күрөшө турган муунду тарбиялайбыз. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров биринчи Элдик курултайда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Министрлер Кабинетинин башчысы биринчи Элдик курултай мамлекеттүүлүгүбүздүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп, ар бир делегат элдин үнүн жеткире алат деген ишенимин билдирди.

«Элибиз – биздин негизги байлыгыбыз, анын үнү – акылман жана бийик. Дүйнөдө 5 миңден ашык элдер, улуттар, этностор бар, бирок баарынын эле мамлекети жок. Кыргызстан эгемендүүлүккө жетише алды, биздин мамлекетибиз бар. Бул биздин дөөлөтүбүз. Андыктан тоолуу, сыймыктуу өлкөбүздүн ар бир ташы – биз үчүн кымбат», — деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле президент тарабынан жарыяланган өлкөнүн өнүгүүсүнүн үч постулатына токтолду.

«Бул – мамлекеттин бүтүндүгү, элдин биримдиги жана салык төлөө милдети. Чек арага байланышкан маселелерди чечүү жолундабыз. Коңшу мамлекеттер менен ынтымакта жашашыбыз керек. 21-кылымда технология өнүккөндүгүнө карабастан, үй-бүлөлүк баалуулуктар, элдин ынтымагы, биримдиги улутубуздун өзгөчөлүгүн сактап калууга жардам берет. Биздин мамлекет адам укуктары жана демократиялык баалуулуктар үчүн ар дайым күрөшүп келген жана мындан ары да күрөшөт. Элдин максаты бир болгондо гана тоскоолдуктар жоюлат. Элдин ынтымагы бекем болсо, өлкөбүз тоодой бекем болот”, — деп баса белгиледи министрлер кабинетинин башчысы.

Ал кошумчалагандай, эл аралык институттардын пессимисттик божомолуна карабастан, Кыргыз Республикасы белгилүү бир жыйынтыктарга жетише алды.

«Биз бул жыйынтыктарга салык процедураларын санариптештирүүнүн жана фискалдаштыруунун жардамы аркылуу жетише алдык. Эч кандай жаңы салыктар киргизилген жок, бирок ошол эле учурда биздин ар бирибиз кассалык машиналарды колдонуу аркылуу республикабыздын өнүгүшүнө салым кошо алдык», — деп жыйынтыктады министрлер кабинетинин төрагасы.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултайга өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан келген 1000ден ашуун делегат, ошондой эле парламенттин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана мамлекеттик органдардын жетекчилери катышууда.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча биринчи Элдик курултайдын резолюциясы кабыл алынат.