Саясат

Садыр Жапаров: Тажикстан менен чек араны чечүүгө олуттуу кириштик

Президент Садыр Жапаров I Элдик курултайда чек ара, анын ичинде Тажикстан менен болгон чек ара маселесин чечүү процесси кандай жүрүп жаткандыгын айтып берди.
Ал мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч жараткан соӊку окуялар ар бир кыргызстандыкты санаага салып, кабатырлантып келгенине токтолду. Кагылышууларда кан төгүлүп, чек арачылар менен жергиликтүү тургундардын кырчындай өмүрлөрү кыйылган бул каргашалуу окуялардын башкы себеби – чек ара тилкелеринин толук чечилбей узакка созулуп келишинен болгонун белгиледи.
«Бүгүнкү күндө коңшу үч өлкө менен чек ара маселелерин тактап алдык. Ал эми коңшу Тажикстан менен чек араны чечүүгө олуттуу киришип, анын ыкчам чечилишине болгон аракетибизди жумшап жатабыз», — деди президент Жапаров.
Мамлекет башчы кыргыздын бир укум жери үчүн өмүрүн аябаган эр-азаматтардын эрдиги эч качан унутулбай турганына токтолду.
«Бийликтен бийликке өтүп, чечилбеген чоң көйгөй болуп бизге жеткен чек ара маселесин кийинки муундун өкүлдөрүнө калтырбай, кандай кыйынчылыктар жаралса дагы чечип берүүнү эң башкы максатыбыз деп кириштик! Себеби бир карыш жер үчүн куралдуу кагылыштар чыгып, канчалаган күлгүндөй өмүрлөрдүн жайрашына, канчалаган ата-энелердин медер тутуп, тирек кылган уулдарынан ажырап кан жутуп калышына мындан ары жол берилбеши керек! Эң башкысы – ата-бабалардан мурас калган кутман жерибизди урпактарга толук сактап, ушул бойдон өткөрүп берүү – негизги милдетибиз!», — деп белгиледи Жапаров.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button