Баткен шаарынын бийлиги майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө коюлган чектөөлөр шаардык, райондук жана облустук масштабга тиешелүү жана 2023-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.

Белгилүү болгондой, мэрия мындай кадамга 2022-жылдын сентябрь айында болгон чек ара жаңжалында 63 адам каза болуп, 200дөн ашуун адам жаракат алгандыктан барган.

Чектөөлөр Жаңы жылды, 8-март аялдардын эл аралык күнүн, Ноорузду, Акыркы коңгуроолорду, Балдарды коргоонун эл аралык күнүн, Жеңиш күнүн, Эгемендүүлүк күнүн жана кесиптик майрамдарды майрамдоого тиешелүү.