Коом

Баткенде 2,1 млн сомго бааланган жер тилкеси мамлекетке кайратылды

Баткен областтык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Баткен шаардык мэриясынын 2008-жылдагы токтому менен 0,15 га жер тилкеси мыйзамсыз түрдө Э.У. аттуу жарандын жеке менчигине бөлүнүп берилгендиги аныкталган.
Аталган жер тилкеси боюнча прокуратура сотко доо менен кайрылып, жыйынтыгында жер тилкенин укук белгилөөчү жана укук ырастоочу иш кагаздары жараксыз деп табылган.
Областтык прокуратура тарабынан Баткен шаардык мэриясына келтирилген прокурордук актынын кароонун жыйынтыгында, жалпы 2 млн 100 миң сомго бааланган жер тилке муниципалдык менчиктин эсебине кабыл алынды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button