Президент Садыр Жапаров актёр Азиз Мурадилаевдин операциясына 42 миң доллар берди. Бул тууралуу Ассоль Молдокматова социалдык тармактарга жасаган видео кайрылуусунда билдирди.

“Урматтуу Садыр Нургожоевич, бир нече саат мурун сизге Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадилаевди сактап калуу өтүнүчү менен кайрылган элем. Бир сааттан кийин сиздин атыңыздан 42 миң доллар ооруканага жибердиңиз. Бизди угуп, бүтүндөй өлкө ден соолугуна тынчсызданып жаткан таланттуу актерду куткарууга кам көрүп жатканыңыз үчүн рахмат”, — дейт ал өз кайрылуусунда.

https://www.instagram.com/reel/ClwCEydOjsn/?igshid=MDJmNzVkMjY%3D