Фейсбук колдонуучу Нурилич Токонбаев мамлекетте болуп жаткан реформалар, курулуштар тууралуу пост жазды. Анда, башталган жумуштар ыкчам бүтүп жатканы кубандырганын билдирген:

“Ушундай темп менен кетсек, Кыргызстан аз убакытта чоң өзгөрүүлөргө барат. Калыстык үчүн айтып коеюн, Президент Садыр Жапаров демилгеси менен Энерго тармакка чоң өзгөрүүлөр жана мыкты проекттер ишке ашууда. Таласта, Нарында жаңы ГЭСтер, бүткөнү калды жана жаңы имарат, техникалар менен камсыз болду. Элдин жашоо жартына жараша арзан тарифтер коюлуп, Энергетика кызматкерлеринин айлык маянасы жогорулады.

Мындан сырткары элди кубандырган жаңылык бул 12 жылдан бери талкаланып жаткан Курманбек Бакиевдин үйүнүн ордуна 100 орунду реабилитациялык борбор курулгандыгы. Ушундай тездик менен курулуштар бүтүп жатканы жакшы саамалык. Тажик кол салуусунун кесепетинен талкаланып калган 700гө жакын үйдү мамлекет тургузулуп бүтүшүнө ишеним чоң. Мунун баары миллиарддаган акчалар!

Санап отурсаң мамлекетибизде көп иштер алга жылууда. Пейлибизди оңдойлу, ынтымак бололу!” — дейт ал.