Улуттук банк микрокредиттик компанияларга микрокредиттерди накталай эмес формада берүү мүмкүнчүлүгүн берүүнү сунуштайт. Бул тууралуу иштелип жаткан ченемдик укуктук актынын долбоорунда белгиленген.

Демилгечилер акт кабыл алынса, жыйынтыгында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүнү көбөйөт, финансылык сабаттуулук жогорулайт деп эсептешет.

Ошондой эле бул сунуш төмөнкү артыкчылыктарга ээ:

  • накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү;
  • калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу;
  • калкка банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү;
  • региондорду өнүктүрүү.

Булак: Экономист.кж