Бүгүн, 8-декабрдан тартып мобилдик топтор өлкө боюнча каттоо жана документтештирүү кызматтарын көрсөтүү боюнча ишин баштады. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарандар 2022-жылдын 8-декабрынан 31-декабрына чейин мобилдик топтордун иш графигине ылайык, төмөнкү кызматтарды ала алышат:
— Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортуна документтерди кабыл алуу;
— жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо (туулгандыгын каттоо, өлүмдү каттоо) жана күбөлүктөрдү берүү;
— «Балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулга арыздарды кабыл алуу;
— Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашаган жери жана келген жери боюнча каттоо;
— чет өлкөлүк жарандарды каттоо;
— консультация и прием документов по вопросам гражданства;
— жарандык маселелери боюнча кеп-кеңештер жана документтерди кабыл алуу;
— биометрикалык маалыматтарды каттоо;
— жеке идентификациялык номерди текшерүү, күбөлүктөрдү жана көчүрмөлөрдү алуу.

Белгиленгендей, аталган иш-чара КР президентинин «Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» жарлыгынын негизинде жүргүзүлүп, Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

Мобилдик топтор Департаменттин аймактар аралык бөлүмдөрүнүн, «Инфоком» МИ жана «Кыргыз почтасы» ААК кызматкерлеринен түзүлгөн.

Белгилей кетсек, бул бир айлыктын алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жашаган жери боюнча бардык керектүү каттоо кызматтарын ала
алышат.