Коом
Бишкектеги ЖЕЭК жыйынын 230 жалпыга маалымдоо каражатынын өкүлдөрү чагылдырууда
«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынын чагылдыруу үчүн пресс-борбор уюштурулду.
Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев кабарлагандай, иш-чараны чагылдырууга 150гө жакын чет элдик жана 80дей ата мекендик жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү аккредитацияланган.
«Пресс-борбордо журналисттердин иштөөсүнө бардык шарттар түзүлгөн», — деп кошумчалады Султанбаев.
Белгилей кетсек, Бишкекте бүгүн, 9-декабрда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйыны өтүп, ага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери катышат. Күн тартибинде 17 маселе каралат.