Адахан Мадумаровдун тарапташы, «кɵрɵр кɵзү» Орозайым Нарматова Кемпир-Абад боюнча баш аламындыкка шектелип 2022-жылдын 27-октябрында камакка алынган. Андан бери канча убакыт ɵтсɵ да «Бүтүн Кыргызстандын» лидери Адахан Мадумаров Нарматованын кармалышы боюнча «ак, кɵк деп» бир ооз пикирин айтканга жараган жок. Чыныгы лидер болсо, партиялашына, ɵзүн Мадумаров үчүн курмандыкка чалып, «керек болсо турмушка чыгып алам» деген Орозайым Нарматованы мырза катары да коргоп чыгып, бир пикирин айтыш керек болчу.

Мадумаровго партиянын мүчɵсү Эмиль Жайчиев бир нече жолу О.Нарматовага колдоо кɵрсɵтүү сунушу менен кайрылып, макул деген жооп алат, бирок, эч кандай иш жасалбайт. Бүтүнчүлɵр кудайындай кɵрүп колдогон Мадумаров башка саясий интригалар менен алектенип, бошобой жатса керек. ϴтүнүч, сунушунан майнап чыкпаган Жайчиев Мадумаровго таарынып, кол шилтеп басып кетип, ɵзүнүн иштерин жасап жүрɵт.

Адахан Мадумаровдун бирɵɵгɵ жардам бериптир, колдоо кылыптыр дегенин уккан киши болбосо керек. Шайлоочуларына дагы кызыл тили менен гана какшап «иш жасап» жүрɵт. Анда дагы шайлоодо добуш алуу үчүн гана сайрайт. Мадумаров үчүн партиялаштарынын, тарапташтарынын тагдыры бир тыйынга арзыбайт экен. Буга ишенип койгула. ϴзгɵчɵ Орозайым Нарматовага болгон мамилеси далил болду. Эң жɵнɵкɵй мырзалык сапаты жок Адахан Мадумаров кантип Президент болуп, эл башкарат?