Коом

Кепилдик фонду “РСК банктын” насыя алуучуларына ипотекалык кепилдиктерди берет

Кепилдик фонду, Мамлекеттик ипотекалык компания жана “РСК банк” ипотекалык кепилдиктерди берүү боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Кепилдик фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Кепилдик фонду, МИК жана “РСК банктын” ортосундагы макулдашуу КРнын жарандары үчүн ипотекалык турак жайды каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Ипотека алуу үчүн жетиштүү баштапкы төлөмү жок банк кардарларына милдеттенмелердин бир бөлүгүн камсыз кылуу боюнча кепилдиктер берилет.

“РСК банк” башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Акылбек Турдалиев белгилегендей, банкка турак-жай сатып алуу үчүн кредиттик арыздар көп түшүүдө. Анын айтымында, көбүнчө ипотекалык насыя алууда негизги тоскоолдук болуп, баштапкы төлөмдү төлөөгө каржылык ресурстардын жетишсиздиги саналат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button