Кыргызстанда бардык мектептер 24-декабрга чейин онлайн режимине өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 15-декабрдагы жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

“Азыр мага Саламаттык сактоо министрлигинен кат келди. Жугуштуу оорулардын көрсөткүчү жогорку чекке жеткендиктен 24-декабрга чейин өлкө боюнча бардык мектептерди онлайн режиминде билим берүүгө өткөрүп жатабыз”, — дейт ал.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин жыйынында буга чейин билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева Кыргызстанда 509 мектеп жана 168 бала бакча карантинге жабылганын билдирген.

Белгилей кетсек, Кыргызстан боюнча 2 миң 357 жалпы билим берүү мекемеси бар.