Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 18-декабрда, Катардын Эмири шейх Тамим бен Хамад Аль Танинин чакыруусу менен Катар Мамлекетине иш сапары менен келди.
 
Мамлекет башчысынын учагы Доха шаарындагы
«Хамад Интернешнл» эл аралык аэропортуна конду.
Килем төшөлүп, ардак кароол тизилген.
Президент Садыр Жапаровду траптан Катардын спорт жана жаштар министри Салах бин Ганим Аль Али тосуп алды.