Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда жаш бишкектиктерге жаңы жылдык кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Эмилбек Абдыкадыров кичинекей конокторду куттуктап, ден соолук каалап, ата-энелерине, мугалимдерине ыраазычылык билдирди.

Жаңы жылдык иш-чарага аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин үй-бүлөлөрү, Чернобыль АЭСинин катышуучуларынын, интернационалист-жоокерлердин балдары жетим жана жарым жетим балдар, 11 адистештирилген мектепке чейинки мекемелердин тарбиялануучулары, 20 бейөкмөт уюмдарынын мүмкүнчүлүгү чектелген балдар чакырылды.

Жалпысынан 1000 бала таттуу белектерге ээ болуп, жаңы жылдык «Сыйкырдуу Тумар» спектаклин да көрүштү.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында мэр 17 адистештирилген мекемеге 100 миң сомдук акчалай сертификаттарды тапшырды:

1. №48 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюму;
2. №85 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюму;
3. №104 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюму;
4. №124 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюму;
5. № 122 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюму;
6. №134 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюму;
7. № 117 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюму;
8. № 126 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюму;
9. №174 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюму;
10. № 164 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюму;
11. № 87 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюму;
12. Бишкек шаарынын №30 атайын (жардамчы) мектеби;
13. Бишкек шаарындагы №22 атайын (көмөкчү) мектеп;
14. Бишкек шаарынын №34 атайын (жардамчы) мектеби;
15. «Ай Данек» жашы жете элек балдардын реинтеграция жана интеграция борбору;
16. Балдарды социалдык адаптациялоо борбору;
17. Ден соолугунан мүмкүнчулүгү чектелгендер үчүн шаардык борбор.