Борбор калаада 20-21-декабрда «Көчмөн сыры» деп аталган эл аралык кол өнөрчүлөр форуму өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады.
Форумдун расмий ачылыш аземи 20-декабрда саат 12:00дө Улуттук тарых музейинде болуп, анда кол өнөрчүлөргө Дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңешинин (World Craft Council I WCC International) «Боз үйдүн мекени Ысык-Көл», «Шырдактын мекени Нарын» наамдары тапшырылат.
«Негизги максаты — кол өнөрчүлүктү дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу жана Дүйнөлүк кеңештин статусун алуу. Кыргызстан Дүйнөлүк кеңешке 2012-жылдан баштап мүчө», — деп айтылат маалыматта.
Иш-чаранын алкагында көргөзмө, мастер-класс, илимий-практикалык конференция жана съезд өтмөкчү.
Ошондой эле 19-декабрдан тарта Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм-сүрөт музейинде «Көчмөн сыры» эл аралык кол өнөрчүлөр форумунун алкагында көргөзмө ишин баштаганы кошумчаланды.