Салык кодексине киргизилген жаңы түзөтүүлөрдө мамлекеттик органдарга банктык маалыматтарды берүү боюнча өзгөртүүлөр сунушталууда. Бирок бул маалыматтар менен Салык кызматындагы аналитикалык топ гана иштейт. Бул тууралуу Экономика министрлигинин өкүлү Бизнес-акыйкатчы институтунун түз эфиринде билдирди.

Министрлик банктык маалыматтар берген маалыматтары отчетторуна туура келбеген ишкерлерге гана тиешелүү болорун айтат. Аналитикалык топ салык төлөөдөн качуу аракеттерин гана аныктайт. Бирок бул эреже жеке жарандардын эсебинде ири суммадагы акчанын шектүү операциялары болгон учурда да колдонулушу мүмкүн.

«Дүйнөлүк банк бизге көптөгөн өлкөлөрдө мындай тажрыйба бар экенин айтты. Бул ишкерлерге гана тиешелүү», – деди министрликтин өкүлү.

Экономика министрлиги салык органдарына банк кызматкерлери менен бирдей жоопкерчилик жүктөлөрүн баса белгиледи. Маалыматтын чыгып кетиши коммерциялык банк тарабынан да болушу мүмкүн.


Эскерте кетсек, өткөн жылы кодекске өзгөртүүлөр киргизилип жатканда Эл аралык Ишкерлер Кеңеши бизнес-коомчулуктун атынан президентке кайрылуу жасаган жана анда бул жобо банктык сырды сактоо боюнча банк мыйзамдарына карама-каршы келерин жана мындай маалымат соттун чечими менен гана берилиши керек деп эсептей тургандыгын айткан эле.