Кадамжайда милиция кызматкерлери район аймагында үймө-үй кыдырып, жашоочулар менен жолугушууда. Анын максаты аймактагы сырткы жана ички миграцияга кеткен ата-энелерди жана алардын балдарын тактоо.

Баткен ОИИБинен билдиргендей, иш-чара Кадамжай РИИБинин балдар менен иштөө инспекторлору социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте өткөрүүдө.
«Анда ар бир үйгө кирип мигранттардын балдарын тактап, алардын социалдык абалы
жана коопсуздугу боюнча текшерүүлөрдү жүргүздү. Үй-бүлөлүк зомбулуктардын алдын алуу, балдардын жүрүм-турумун көзөмөлдөө боюнча үй ээлерине түшүндүрүү иштерин өткөрдү», — деп жазылат маалыматта.
Бүгүнкү күндө Кадамжай району боюнча сырткы миграцияда жүргөн ата-энелердин саны 2614. Сырткы миграцияга кеткен ата-энелердин балдарынын саны 8098ди түзөт. Быйылкы жылдын 11 ай ичинде мигранттардын балдары тарабынан жасалган кылмыш болгон эмес.