Лебединовка айылына турак жай-коммуналдык чарба кызматкерлери үчүн жатакана курулат.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, жатакана эки корпустан турат. Тендерди Лебединовка айыл өкмөтү жарыялаган.

Пландалган сумма — 30 млн 145 миң 872 сом, сынактык арыздарды берүүнүн мөөнөтү — 20-январга чейин.