Бүгүн, 29-декабрда Экономика министрлиги Айыл чарба министрлиги, Монополияга каршы мамлекеттик орган жана Кыргызстандын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясы менен ундун баасын жеткиликтүү баада кармоо боюнча макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Ун комбинаттары ассоциациясынын президенти Жунусов данга жана унга кошумча нарк салыгын нөлгө салуу мөөнөтүн узартуу боюнча кабыл алынган минкабдын токтомунун натыйжалуулугун белгиледи.

Жалпысынан учурда республикада 32 ун комбинаты иштеп жатат.