Коом

«Бишкекжарыктын» автопаркы жаңы атайын техника менен толукталды

«Бишкекжарыктын» муниципалдык ишканасынын автопаркы жаңы атайын техника менен толукталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ишканага XCMG кичи-экскаватору жана манипулятору алынып келди.

«Корея өндүрүшүнүн Hyundai R60W-9S кичи-экскаватору — жер казуу жана пландоо иштери үчүн атайын техника. Машина компакттуу өлчөмдөргө ээ, тар шарттарда маневр жасоого оңой, имараттардын жанында траншеяларды казууга болот. 10 тонналык Dongfeng үлгүсүндөгү манипулятор менен жүк ташуучу унаа», — деп айтылат маалыматта.

Ишкананын бригадасы жаңы атайын техниканы иш жүзүндө сынап жатат. Жарыктандыруу иштери «Эне-Сай» конушундагы Култегин көчөсүндө жүргүзүлүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button