Бишкекте төрт миң сомдук көмүр эми паспорт менен сатылат. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Ишкананын маалыматына ылайык, көмүр алып жаткан жарандын каттоосу жана жашаган жеринин дареги болушу керек.

Белгиленгендей, көмүр бир кишиге 2 тоннадан гана сатылат.

«Кардарым бар деп кирип кеткен Porter айдоочуларына көмүр сатылбайт. Акыркы күндөрү ортомчулар “Кыргызкөмүр” алып келген көмүрдү сатып алып, калкка ошону эле 5 миң сомдон ашырып сатып жатканы жашыруун эмес», — деп айтылат билдирүүдө.

Ишканадан белгилешкендей, алардын максаты — чыныгы көмүргө муктаж жөнөкөй тургундарды арзан баада көмүр менен камсыздоо.