Коом

Кыргызстандык акын “Тынчтыктын дүйнөлүк икону” сыйлыгына татыктуу болду  

2022-жылдын аягында Африканын Нигерия (Абуджа) өлкөсүндөгү Дүйнөлүк тынчтык институтунда  эл аралык тынчтык конференциясы болуп өттү.

Иш — чаранын жүрүшүндө “Тынчтыктын дүйнөлүк иконасы”  сыйлыгы менен кыргызстандык акын жазуучу, публицист Үмүткан Эралиева сыйланды.

Учурда Орусия – Украинанын согушуна арналып жазылган Үмүткан Эралиеванын  “Токто согуш” аттуу ыры эл аралык чыгармачылыктагы визиттик карточкасына айланган. Ал ушул ыры аркылуу Нигерия өлкөсүндөгү Дүйнөлүк тынчтык институтуна  “тынчтыктын элчиси” болуп дайындалган.

Тынчтыктын гимни аталган “Токто согуш” ырынын музыкасын 29-апрелде  Польшанын улуу композитору Збигнев Рот   (Zbigniew Roth) жазып, ырды поляк тилине которгон.

“Токто согуш” ыры андан ары англис, түрк тилине Түркиянын белгилүү акыны Zeki Celik, орус тилине израилдик акын, котормочу Юрий Табачников, испан тилине мексикалык акын, котормочу Летисия Гузман, португалия тилине акын, котормочу Фатима Камейро (Бразилия), албан, грек, араб, бенгаль, урду, вьетнам, италия, кытай, жапон ж.б дүйнөлүк 20 дан ашуун тилге  которулуп, бир нече эл аралык антологияларга жарыяланган.

2022-жылдын 20-апрелинде Американын Флорида штатындагы  “WORDSMITH INTERNATIONAL EDITORIAL” ( “Дүйнөлүк эл аралык редакция”) журналынын сырткы мукабасына жарыяланды. http://www.wordsmithinternationaleditorial.com

Аталган ыр 2022-жылдын 1-майында 2 млн. дон ашык окурманы бар  GALAXY POETRY «ATYNIS” ((Бельгия, Брюссель) журналына басылып чыкты.

Автор “Токто согуш” ыры үчүн бир нече өлкөлөрдүн эл аралык тынчтык  форумдарынын сертификаттары менен сыйланды.

International Peace Corps (Индия, Дели, 30-июль)  “Тынчтык элчиси”

Марокконун (Рабат)  Гуманистика боюнча креативдүү эл аралык форуму эл аралык тынчтык маданиятын жайылтууда кошкон салымы үчүн «Тынчтык элчиси»,  “Эл аралык адабий маданият журналы” (Ирак, 24-декабрь) да өз сертификатын ыйгарды.

Марокконун (Рабат)  Гуманистика боюнча креативдүү эл аралык форуму эл аралык тынчтык маданиятын жайылтууда кошкон салымы үчүн «Тынчтык элчиси»,  “Эл аралык адабий маданият журналы” (Ирак, 24-декабрь) да өз сертификатын ыйгарды.

Үмүткан Эралиева КР Жазуучулар союзунун, Кыргызстан Журналисттер союзунун, Түндүк Америка жазуучулар союзунун, Евразия креатив гильдиясынын (Лондон) мүчөсү.

Барселонадагы жазуучулардын жана сүрөтчүлөрдүн CIESART эл аралык уюмунун Кыргызстандагы директору. Макендониядагы ELIASSHAGAR WORLD эл аралык адабий платформасынын мүчөсү. Бразилиядагы “ALEGRO” академиясынын академиги. “Kavya Kishor” (Бангладеш) англис тилдүү электрондук журналдын адабий редактору. SKILARK POETRY INTERNATIONAL SPI (Бангладеш) эл аралык интернет басылманын Кыргызстандагы директору. 50дөн ашуун эл аралык сыйлыктардын ээси. Акын, жазуучу, публицист. Он китептин автору. Төрт баланын энеси.

 

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button