Санариптик өнүктүрүү министрлиги Бишкек жана Ош шаарларында Калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) Earlyone мобилдик тиркемеси аркылуу жазылып барууга болоорун эскертет.

Ал үчүн төмөндөгүдөй аракеттерди көрүү зарыл:

  • Earlyone тиркемени Play Market жана App Store’дон жүктөп алуу керек
  • Өлкөнү (Кыргызстан) жана ыңгайлуу тейлөө тилин (орус же кыргыз) тандоо керек
  • Чыккан терезеде керектүү КТБни, күндү, убакытты жана кызматты тандоо зарыл
  • Тиркеме кодду жаратат, электрондук кезек тутумунда виртуалдык орун түзүлөт
  • КТБга келгенден кийин электрондук кезек терминалына барып, тиркемеде берилген кодду киргизүү керек. Талон берилет. Талондун номери күтүү залында мониторго чыгарылат.
  • Маанилүүсү, КТБга белгиленген убакыттан 20 мүнөт мурун баруу керек, эгерде жетишпей калсаңыз, анда тиркемеде 15 мүнөткө жылдыруу мүмкүнчүлүгү бар.

Бул системаны адаптациялоо боюнча иштерди «Инфоком» МИнин адистери жүргүзүштү, долбоор армян компаниясынын техникалык колдоосу астында ишке ашырылууда. Келечекте республиканын бардык КТБларына онлайн кезек брондоону киргизүү пландаштырылууда.

«Биргелешкен аракеттердин натыйжасы менен гана санариптик кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы ыңгайлуу деңгээлине жетүүнү тездете алабыз. Андыктан, бардык жарандарыбызды санариптик чечимдерди жигердүү колдонууга чакырабыз», — дейт министрлик.

2022-жылы КТБда кезекти онлайн брондоо системасын 50 миңден ашык адам колдонгон.

2022-жылдын 1-июнунуан тартып борбордогу Калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) кезекти онлайн брондоо Earlyone системасы ишке киргизилген, жыл ичинде электрондук тиркеме менен 52 миң 800 электрондук билет түзүлүп, бул калкты КТБга кезек күтпөстөн баруусуна мүмкүнчүлүк жараткан.