Коом

Улуттук банктагы 100 граммдык алтын куймаларынын баары сатылып кетти

Улуттук банк аффинаждалган алтын куймасынын трой унциясын 168.6 миң сомдон сатууда. Бир жылдын ичинде куйманын баасы 7.3 миң сомго кымбаттады.

Үстүбүздөгү жылдын 12-январынан баштап Улуттук банк 100 граммдык алтын куймаларын сатпай калды. Алардын баары сатылып кеткен, бирок кайра сатып алуунун баасы 523.7 миң сомдон ашат. Белгилей кетсек, бир жыл мурун Улуттук банк бул куймаларды 500 миң сомго сатып алган болчу.

Салмагы азыраак өлчөмдөгү алтын куймаларынын наркы көп деле кымбаттаган жок. Мисалы, 10 граммдык куймалар азыр 54.4 миң сомдон сатылууда. Ал эми былтыры алар 53 миң сомдон сатылган.

5 граммдык куймалар бир жылда болгону 121 сомго — 11 миң 759 сомдон 11 миң 880 сомго кымбаттады. 1 грамм салмактагы куймалар 6 миң 587 сомдон сатылууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button