Коом

Салык кызматы 2022-жылдын планын ашыгы менен аткарды

2022-жылы 207,9 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду.

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик салык кызматы 207 млрд 901,6 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогулткан. Бул  белгиленген пландан 3,7 млрд сомго ашык.

Ал эми 2021-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 63,8 млрд сомго көп.

Салык кызматы салык боюнча пландык тапшырмаларды бир катар факторлордун негизинде ашыгы менен аткарды.  Анын ичинде салыктык башкарууну өркүндөтүү, ишкерлерге онлайн кызмат көрсөтүү.

«СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун долбоорлору, анын ичинде электрондук эсеп-фактура, ККМ-онлайн, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз жана башка долбоорлор да өзүнүн жыйынтыктарын берди.

Бизнести көмүскөдөн чыгаруу боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлдү.

Ошондой эле, өз натыйжасын жаңы Салык кодексинин нормалары берди.

Ал ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого, ата мекендик продукцияны чет өлкөлүк рынокторго чыгаруу үчүн натыйжалуу инструменттерди түзүүгө, ак ниет бизнести коргоого жана экономиканы көмүскөдөн чыгарууга багытталган.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button