Улуттук статистика комитети өткөн жылдын 11 айы ичинде Кыргызстанга 33 893 автоунаа импорттолгонун билдирди.
Жеңил унаалар 40тан ашык өлкөдөн алып келинген. Эң көбү төмөнкү мамлекеттерден импорттолгон:

Түштүк Корея — 7 342;

Грузия — 6 560;

Россия — 6 383;

АКШ — 4 605;

Япония — 2 751;

Литва — 1 991;

Кытай — 1 301.

2021-жылдын ушул эле мезгилинде автоунаа 3 эсе аз келген.
Кыргызстанга кирген унаалардын басымдуу бөлүгү Грузия менен Кореядан алынган. Аталган өлкөлөрдөн импорт 4 эсеге, АКШдан 4,6 эсеге, Кытайдан 18,6 эсеге өскөн. Россиядан келген автоунаалардын үлүшү дээрлик өскөн жок, болгону 1500 унаага көп алып келинген.
Улуттук статкомитеттин ташылган автоунаалар боюнча маалыматы (2018-жылдан берки):

2018 — 3 835;

2019 — 18 527;

2020 — 25 629;

2021 — 13 116;

2022 (январь–ноябрь) — 33 893.