Коом

«Эйр Кыргызстан» компаниясы банкрот болду деп табылды

Бүгүн, 17-январдагы Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында  Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун (ММБФ) төрагасы Мирлан Бакиров «Эйр Кыргызстан» компаниясы банкрот болгонун маалымдады.

Бакиров жыйында аталган компанияга карата Жогорку соттун чечими чыгып калганын айтты.

«Эйр Кыргызстан» банкроттук деп табылды, андыктан мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынан алынып салынды», — деди ал.

Эске салсак, 2021-жылы УКМК 100% акциясы мамлекетке таандык «Эйр Кыргызстан» ААКсында коррупциялык фактыларды аныктаган. Эсеп палатасынын кызматкерлери авиакомпаниянын жетекчилиги менен сүйлөшүп алып, пландуу текшерүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекетке 3.1 млн доллар зыян келтирилгенин жашырышкан.

Белгилей кетсек, комитеттин жыйынында «2023-2025-жылдарга КРда мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору тууралуу» жана «КРнын Жогорку Кеңешинин мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button