2022-жылы контролдук-кассалык машиналарды колдонгон ишкерлердин саны үч эсеге көбөйүп, бүгүнкү күндө 65 миң 422 субъектти түздү. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

ККМди колдонгон субъекттердин мындай көбөйүшүнө салык органдары тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иш-чараларынын, ошондой эле ишкерлерге 10 миңден ашык гибриддик ККМди бекер таратуунун натыйжасы себеп болгон.

ККМди колдонуу системасын өнүктүрүүгө Салык кызматынын «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясы да оң таасирин тийгизди. Акциянын жүрүшүндө жарандар товарларды сатып алууда, жумуштарды жана кызматтарды пайдаланууда кассалык чектерди активдүү талап кыла башташкан.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 1-мартында фискалдык модуль менен иштөө функциясы жок ККМди колдонуу мөөнөтү аяктайт.

Ушуга байланыштуу, Салык кызматы соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жана ККМди колдонууга милдеттүү  ишкерлерди көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин ККМди модернизациялоого же жаңылоого чакырат.