Коом
Караколдо 105-сериядагы көп кабаттуу жаңы үй куруу пландалууда
Караколдо атайын конструктордук бюро менен 105-сериядагы көп кабаттуу жаңы үй куруу пландалууда.
Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, тендер Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Курулуш жана инженердик инфраструктура департаменти тарабынан жарыяланган.
Көп кабаттуу үй Кашка-Суу №14 кичирайонундагы Масалиев жана Иппоромный көчөлөрүнүн кесилишине салынмакчы.
Тендердин пландалып жаткан суммасы 298 млн 498 миң 630 сом, сынактык билдирүүлөрдү тапшыруунун мөөнөтү — 31-январга чейин.