Коом

Бишкекте «Эрмен жыты» тасмасынын бет ачары өттү

 Бишкектеги «Манас» кинотеатрында 18-январда режиссер Айбек Дайырбековдун «Эрмен жыты» аттуу жаңы тасмасынын бет ачары болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

“Эрмен жыты” тасмасы үй-бүлөдөгү маселелер, ата-баланын, эне-баланын ортосундагы мамиле, мээрим, балдардын кыялдары, оюн-зоок аркылуу олуттуу социалдык маселелер көтөрүлгөн, ошол эле учурда “Ар бир киши, ар бир аял, ар бир бала бактылуу болууга татыктуу!” деген маани камтылган.

Тасманын дүйнөлүк премьерасы 2022-жылдын октябрь айында эң ири дүйнөлүк кинофестивалдардын бири Түштүк Кореяда Пусан кинофестивалында болуп өткөн.

Аталган тасма Кинематография департаментинин жана Т.Океев атындагы Улуттук кыргызфильм киностудиясынын колдоосу менен “Централ Азия Фильм” студиясы тарабынан тартылды.

Айбек Дайырбеков сценарийдин автору жана режиссеру.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button