24-январда энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин отурумунда Улуттук энергохолдингдин жоюла тургандыгын билдирди.

Министрдин айтымында, энергетика тармагында эки мекеменин болушу кошумча чыгымдарды алып келет. Ушул себептен Улуттук энергохолдингди жоюу маселеси каралууда.

«Күз-кыш мезгилинен кийин жоюу маселеси каралып жатат. Энергетика министрлиги гана калат», — деди Ибраев.

Эске салсак, Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы 2016-жылы бардык энергетикалык компаниялардын акцияларынын контролдук пакетине (80.49%) ээлик кылган башкаруучу компания катары түзүлгөн.