Мамлекеттик ипотекалык команиясы (МИК) ААК аркылуу жарандарга бериле турган жеткиликтүү турак жайларды (батирлерди) курууга республикалык бюджеттен каражат бөлүү пландаштырылууда. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

«Мисалы, Бишкек шаарында мындай курулуш үчүн участоктордун бири мурдагы №47 түзөтүү колониясынын жери болуп саналат, анда 10 миң батирлүү кичирайон куруу пландалууда», — дейт президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев.

Ошондой эле маалыматта эгерде мурда орто эсеп менен жыл сайын 1.3 млрд сомго 1080 ипотекалык батир берилсе, «Менин үйүм 2021-2026» программасын ишке ашыруу алкагында, бир жарым жылдын ичинде эле 2536 батир 6.2 млрд сомдон ашык суммага берилгени (2021-жылы 1.6 млрд сомго 732 батир, 2022-жылы 4.6 млрд сомго 1 800 батир) айтылат.