Коом

Лейлекте улуттар аралык ынтымакты чыңдоого багытталган иш-чаралар өткөрүлүүдө

2023-жылдын 25-январь күнү Лейлек РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери жарандар арасында кылмыштуулукту жана укук бузууларды алдын алуу боюнча “Коомдук күн” иш-чарасын өткөрүштү. Бул иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери жарандардын диний экстремизмге азгырылуусун алдын алуу, улуттар аралык достукту чыңдоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Лейлек районунун аймагында жайгашкан мечиттин имамдары менен биргеликте экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, улуттар аралык достукту чыңдоо боюнча ар кандай жакшы көрүнүштөрдү айтып өтүштү.
Ошондой эле диний экстремисттик жана кылмыштуу топторго кошулбоого чакырык жасашып, бул багыттардагы кылмыштарды жасоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертишти. Ошондой эле митинг, нааразычылык акцияларын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин алып барышты.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button