Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызы Хорватияда өтө турган Zagreb Open эл аралык рейтингдик мелдешке катышат. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.

Мелдеш 1-5-февралда Загреб шаарында өтөт. Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 кг салмакта, ал эми Айпери Медет кызы 76 кг салмакта күчүн сынайт.

Эскерте кетсек, Тыныбекова дүйнөнүн эки жолку, Азиянын төрт жолку чемпиону жана Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси. Айпери Медет кызы Азиянын чемпиону жана дүйнө чемпионатынын коло байге ээси.