Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.Бакетаев Кувейттин Казакстан Республикасындагы элчиси Омар Ахмед Мохаммед Мурат Аль-Кандари менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө А.Бакетаев Кувейт мамлекетинин өкмөтүнө экономикалык жана техникалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кувейт комиссиясынын алкагында активдүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.Бакетаев Кувейттин Араб экономикалык өнүктүрүү фонду (КАЭӨФ) менен биргелешкен артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча ишти активдештирүү зарылдыгын белгилеп, өлкөнүн түштүк аймагында Ислам каржылоо принциптеринде иш алып барган инвестициялык фонд түзүү маселесин карап чыгууну сунуштады.

Маалымат үчүн: Инвестициялык фонд өлкөлөр ортосундагы соода-өндүрүш мамилелерин чыңдоо максатында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аймактар ​​аралык долбоорлорун каржылоого багытталган аймактык хаб болуп калат деп болжолдонууда. Борбор Азиянын бардык кызыкдар өлкөлөрү жана КАЭӨФ фонддун уюштуруучулары анда негиздоочүлөр болуп, ал эми Кыргыз Республикасы инвестициялык фонддун акцияларынын контролдук пакетинин ээси болоору күтүлүүдө. Ошондой эле жыйында жашыл экономиканы, кайра жаралуучу энергия булактарын жана жалпы энергетика тармагын өнүктүрүү маселеси талкууланды.

Кувейттин элчиси Омар Ахмед Мохаммед Мурат Аль-Кандари бул долбоорлордун Кувейт мамлекети үчүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал өкмөттөр аралык комиссиялардын үчүнчү отурумунда бул маселелерди оң жагына каралуусуна салымын кошо турганын билдирди. А.Бакетаев элчи Омар Ахмед Мохаммед Мурат Аль-Кандариге 3-Өкмөттөр аралык кыргыз-кувейт комиссиясын даярдоого кызыгуусу үчүн ыраазычылык айтып, иш-чаранын ийгиликтүү өтөөрүнө ишеним билдирди.