Швейцария өкмөтү Кыргызстандын энергетика тармагын модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү долбоорун каржылоого 8 млн долларлык грант берет. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

КРнын Финансы министрлигинде министр Алмаз Бакетаев жана Дүйнөлүк банктын КРдагы кеңсесинин башчысы Навид Хасан Накви, Швейцариянын КРдагы элчиси Оливье Бангертер жолугушуп, анда Швейцария өкмөтүнүн КРдагы энергетика тармагын модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү долбоорун каржылоого бере турган 8 млн долларлык грантка кол коюлду.

Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер белгилегендей, жаңы долбоор каржылык көрсөткүчтөрдү жакшыртууга, калкты жана ишканаларды ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоого, калктын аялуу катмарын социалдык коргоо механизмин түзүүгө жардам берет.

«Дүйнөлүк банк энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча министрлер кабинетинин позициясын жана келерки он жылдыкка реформалоо боюнча сунуштаган жол картасын толугу менен колдойт», — деди Навид Хасан Накви.

Ошондой эле жолугушууда Бакетаев Дүйнөлүк банктан КР менен кызматташуунун жаңы Стратегиясын бекитүүнү тездетүүнү суранды.