Ички иштер министри Улан Ниязбеков коллегияда алдыда аткарыла турган орчундуу маселелерге да токтолуп, жашы жете электерге карата жасалган кылмыштар жана жол кыймылынын коопсуздугу боюнча көрүлө турган чаралар тууралуу сөз сүйлөдү.

“Мекенибиздин келечеги болгон жаштар арасында тарбиялык иштер алып барылбаса, анда турмуштук таалимге үйрөтүү, нарктуулукту алып жүрүү маселесиндеги иш-чараларды мэриялар, акимчиликтер, айыл өкмөттөр, кварталдык комитеттер, мугалимдер, ата-энелер комитети, жаштар коому, социалдык бөлүмдөр, аксакалдар кеңештери, айыл жериндеги кадыр-барктуу, абройлуу адамдар менен биргеликте ишке ашыруу чаралары уюштурууну колго алабыз. Андан сырткары тиешелүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, жогорку жана орто, атайын орто окуу жайлары, ата-энелер комитети, балдар иштери боюнча коомдук уюмдар менен бирге туруктуу негизде жаш балдарга карата жана алар тараптан жасалган кылмыштарды, окуяларды алдын алуу чараларын күчөтүү тапшырмасын дагы койомун.
Коомдук жайларда, көчөлөрдө жана эл көп чогулган аймактарда алдын алуу жумуштары дайыма жүргүзүлсүн. Калк алдындагы отчётторду берүү маселеси жергиликтүү жетекчилер тарабынан көзөмөлгө алынсын. Укук бузуулар жөнүндө кодексинин талаптарын коомго туура жеткирип, жарандардын укуктары жана тиешелүү мамлекеттик органдардын милдеттери белгиленсин. Кышкы жана жайкы мезгилдерде чет элден келген конокторго жана жергиликтүү эс алган жарандарга ыкчам сервистик тейлөө көрсөтүп, ар түрдүү жагымсыз окуяларга бөгөт коюу үчүн, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы тарабынан көрсөтмөлөр, усулдук-методикалык колдонмолор иштелип чыгып, ички иштер органдарына таратылып берилсин.
Тилекке каршы, жашоо турмушта орун алып жаткан башка кырсыктарга караганда, жол кырсыктары боюнча маалыматтар эл арасына тездик менен тарап, жарандар тарабынан абдан катуу талкууну жаратып келет.
Бир айдоочунун же жөө жүргүнчүнүн туура эмес кыймыл-аракетинен жана жоопкерчиликсиз мамилесинен улам башка адамдардын өмүрү кыйылып, айрым адамдар ден-соолугунан ажырап, өмүр бою майып болуп калышууда.
Бүгүнкү реалдуу турмушта орун алып жаткан жол кыймылынын эрежелерин бузуулардын алкагында, коомчулукка түшүндүрүү чаралары жетиштүү деңгээлде жүргүзүлбөгөндүктөн, ушул кемчиликтер орун алып жатат. Унаа кырсыктары 50%га азайып, анын натыйжасында каза болгон жана жаракат алгандардын саны кескин түрдө азаймайынча, жол коопсуздугу маселеси күн тартибинен алынбайт. Ошого байланыштуу, тынымсыз иш-чаралар жүргүзүлүп, кызматкерлердин ишмердигин күнү-түнү уюштуруу чаралары күчөтүлгөн тартипте алып барылсын”, — деди министр Улан Ниязбеков.
Коллегиянын жыйынтыгы менен коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кемчиликтери үчүн бүгүнкү отурумга катышкан 100 жетекчи кызматкерге ар кандай тартип жазалары берилди. Андан сырткары жетекчилик курамдагы 4 кызматкерге кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, ошону жыйынтыгы менен алардын ишмердүүлүгүнө баа бериле тургандыгы коллегиянын чечиминде белгиленди.
Коллегиянын экинчи маанилүү кабыл алынган чечиминин бири областык жана шаардык ички иштер башкармалыктардын сунушу менен республика аймагындагы райондук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери, областтык жана шаардык Башкармалыктардын бөлүм жетекчилери да жакынкы аралыкта ротацияга алына тургандыгы да айтылды.
Бүгүнкү коллегиянын чечиминин аткарылышы ИИМдин Башкы Штабы тарабынан көзөмөлгө алынып, аны аткарылышына өзгөчө көңүл бурула тургандыгы белгиленди.
“Коллегиянын бардык кабыл алынган чечимдерин жана сунуштарын да турмушка ашырабыз. Кетирилген кемчиликтерди тез арада оңдоо жана коомдук тартипти сактоо боюнча заманбап технологияларды толук ишке киргизүү боюнча сапаттуу иштер жүргүзүлсүн”, — деп баса белгиледи Улан Ниязбеков, коллегияны жыйынтыктап жатып.

ИИМдин Басма сөз кызматы