Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-февралда, Бишкекке жакын жайгашкан 73809 аскер бөлүгүн пландан тышкары текшерип келди.
Мамлекет башчысы аскер кызматчыларынын кызмат өтөө шарттары жана абалы менен таанышып, командирлер жана жоокерлер менен баарлашып, аскер бөлүгүнүн материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча муктаждыктарына кызыкты.
Анын жыйынтыгында бир катар конкреттүү тапшырмалар берилди.