Шаршембиде Ош, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл жергесинде +4…+9, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +7…+12, ал эми Нарында 0…-5 градус болору айтылды.

Термометр Бишкекте +6…+8 жана Ош калаасында +9…+11 градусту көрсөтөт.