Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн фейсбуктагы баракчасына «“Политклиника” сайты журналисттик этиканы бузган жана калп маалыматтарды тараткан» деген билдируу жазып, аталган сайттын так эмес маалыматтарын тастыктаган видеону жарыялады.

“Президенттин ишмердүүлүгүнө байланышкан жалган маалыматтарга ыкчам көңүл бурабыз жана аныгын тактап бергенге даярбыз. Бул жолу, Дилбар Алимова жетектеген “Политклиника” медиасы такталбаган калп маалыматтарды таратты.

Ага чейин, ЭлТР телеканалы энергетика тармагына алынган тышкы насыялар тууралуу маалымат көрсөтүп, Президент Садыр Жапаровдун учурунда энергетика тармагына бир дагы насыя албаганын белгилеген. “Политклиника” сайты ЭлТРдин бул маалыматын жалганга чыгарып, такталбаган маалыматтар менен манипуляция жасаган.

Кеп Президент Жапаров ишмердүүлүгүнө байланыштуу болуп жаткандыктан бул маалыматты тактап коюу максатында Каржы министрлигинин, Энергетика министрлигинин жана ЭлТРдин өкүлдөрүн чакырып, ага “Политклиника” сайтынын өкүлдөрүн да чакырдык. Тилекке каршы, алар чакыруубузга келген жок. “Биз ачык булактарга таянып жазып кое беребиз, биз жөн эле обзор кылганбыз, фактчек дегендин мазмуну ушундай”, — деген сыяктуу шылтоолорун айтты.

Дилбар Алимова журналистика этикасы, медиасабаттуулук боюнча башкаларга окууларды уюштуруп келет. Бирок, бул материалында журналисттик этика сакталган эмес. Маалымат жарыялап жатканда эки тарапка орун берилет. “Политклиника” медиасы Энергетика министрлигине, Каржы министрлигине дагы кайрылып маалыматты тактаган эмес.

Бир жактуу жалган маалымат таратып, коомчулукка туура эмес маалыматты беришкен. Муну маалыматтык манипуляция, чындыкка дал келбеген караандай калп, өз ишине жоопкерчиликсиз мамиле жана максаттуу каралоо деп эсептейбиз” — дейт Орунбеков.